Францияда супермаркеттердеги сатылбаган тамак-аштарды жок кылууга тыюу салынат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ашыкча тамак-аштарды кайрымдуулукка жана малга тоют катары берүү керектиги айтылат. Бул эрежелерди аткарбоо чоң айыпка алып келери эскертилген.
Эске салсак, буга чейин Франциянын парламенти ашыкча тамак-аш калдыктары менен күрөшүү боюнча мыйзамды кабыл алган. Ошондой эле 2025-жылга чейин тамак-аш калдыктарынын жарымын кыскартууну көздөй тургандыгы маалым.
Эсептөөлөр боюнча, ар бир француз жылына орто эсеп менен 20-30 килограмм тамак-аш ыргытат. Бул экономикага жылына 20 миллиард евро зыян келтирет. Азыркы учурда Франция өзү өндүргөн азык-түлүктүн 1,8 пайызын гана таштайт.