Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Гани Фейсбук баракчасы аркылуу президенттик кызматын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткени боюнча билдирүү калтырды. Анын билдирүүсү тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
"Бүгүн мен өтө оор тандоого туш болдум. Мен сарайга кирүүгө ашыккан куралчан талибдердин каршысында бетме-бет турушум керек эле. Бирок мен бүт өмүрүмдү арнаган мекенимди таштап кеттим.
Эгер мен бул кадамга барбасам, сансыз мекендештерибиз Кабулдун талкаланышына күбө болмок. 6 миллион калк жашаган мындай чоң шаарда өтө чоң каргаша орун алмак. Талибдер Кабулду алуу үчүн мага чейин жетип келишти. Мен кан төгүлбөш үчүн кызматымды тапшырууну жана өлкөнү таштап чыгып кетүүнү туура көрдүм", - деп айтылат билдирүүдө.
Экс-президент ошондой эле талибдер аны бийликтен кулатуу үчүн Кабулду бомбалоого даяр экендигин ачык эле билдиришкенин кошумчалады.
"Талибдерди жаңы тарыхый сыноо күтүп турат". Алар элдин жүрөгүн багындыра алышкан жок. Ал эми сөздүн күчүнө таянган бийлик тарыхта эч качан таанылган эмес жана таанылбайт дагы", - деп баса белгилеген Ашраф Гани.