Тажикстан Ооганстандын президенти Дүйшөмбүгө келбегенин билдирди

Тажик бийлиги Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин Дүйшөмбүгө келиши жөнүндөгү маалыматты четке какты. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазышууда.

"Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Мухаммед Ашраф Гани мырза менен болгон учак Тажикстандын аба мейкиндигине кирбегенин жана өлкөнүн аймагына конбогонун билдирет. Ошондой эле тажик тарапка ооган тараптан тиешелүү суроо-талап түшпөгөнүн белгилей кетүү керек", - деп жазылат маалыматта.

15-августта түштөн кийин талиб согушкерлери Кабулга киргенден кийин президент Ашраф Ганинин Ооганстандан качып кеткени тууралуу кабар түшкөн. Ал убактылуу башпаанек таба алган өлкөлөрдүн арасында Тажикстан да болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bratanyn
2021-08-16 22:48:58
Ошентип койду да.
+1
Egizderim-baktim
2021-08-17 01:47:20
Кантип эле келди ооба бизде дешсин, эч ким корбоду билбеди деп жатып кооптон кийин чыгат да,кээ бир биздикилерге окшоп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан