Токмок шаарынын мэрлигине азырынча эч кимдин документи тапшырыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Токмок аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, документтер 18-августка чейин кабыл алынат. Документтерди кабыл алуу 9-августта башталган. Токмок шаарынын мэрин шайлоо 26-августка дайындалган.