Бишкек шаарында түнкү клубга келген чет элдик жаран администратор кызга кол көтөрдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-август күнү Ленин РИИБине И.Р. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү белгисиз жаран Чүй менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен саат 04:30 чамасында арыз ээсин эч себепсиз урганын жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-беренеси "майда бейбаштык" менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
"Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан Улуу Британиянын Р.Х. аттуу жараны алынып келген. Ал эми дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу арыз ээсинин денесинен эч кандай жаракат табылган эместигин көрсөткөн.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында арыз ээсине дайындалган экинчи экспертизанын жыйынтыгына карап чет элдик жаранга карата юридикалык баа берилет. Учурда тергөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти аталган райондун милициясынан.