Ооган аба күчтөрүнүн айырмалоочу белгиси бар учак Өзбекстан менен чектешкен жерге кулап түшкөнү айтылууда. Бул тууралуу "Gazeta.uz" гезити жазып чыкты.
"Ооган аба күчтөрүнүн белгилери бар учак 15-августтун кечинде Сурхандарыя облусунун Шерабад районунда кулаган. Интернетте кыйраган учактын бөлүктөрү, жабырлануучулар тартылган сүрөттөр жана видеолор тараган”, - деп жазат басылма.
Анда Өзбекстандын Коргоо министрлиги учак кырсыгы тууралуу маалыматты изилдеп жатканы айтылат.
15-августта "Талибан" кыймылынын согушкерлери Ооганстандын борбору Кабулга кирип, өлкөнүн аймагын көзөмөлгө алганын жарыялашкан.