Биз социалдык тармакта

Токмокто түнкүсүн ата-энесинин жана башка жакындарынын коштоосу жок жүргөн 9 өспүрүм кармалды

Чүй облусунун Токмок шаарыда "Өспүрүм-Түн" аталышындагы алдын алуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-14-август күндөрү “Өспүрүм-Түн” аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы болуп өттү. Алдын алуу иш-чара учурунда коомдук жайлар, кафе-ресторандар, компьютердик клубдар, сейил бактар жана башка көңүл ачуучу жайларда текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Түнкүсүн ата-энесинин жана башка жакындарынын коштоосу жок жүргөн 9 өспүрүм аныкталып, Токмок ШИИБине жеткирилип, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан