Биз социалдык тармакта

Бишкекке көп орундуу 300дөн ашуун автобустар алып келинет

Бишкекке түркиялык өндүрүштөгү көп орундуу автобустар келет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, шаардык транспорт башкармалыгы "Грин Бас" жоопкерчилиги чектелген коом менен меморандумга кол койду. Ага ылайык, 2021-2022-жылдар аралыгында Бишкек шаарына 300-350 автобусту жеткирүү мерчемделүүдө.
"10-12 метрлик экологиялык таза жайлуу автобустардын биринчи партиясы ноябрдын аягына чейин борбор калаага жеткирилет. Автобустар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугуна жана эл аралык стандарттарга, талаптарга толук жооп берет", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Pankration_MMA
2021-08-16 18:44:14
Кол койулушу койулду, бирок автобустарды каяктан сатып алышат? Же дагы деле орус менен өзбекстандын түтөгөн мусорлорун алып келишеби? Германия, япониялардан да алып келгилечи!
0
Scorpion_09
2021-08-16 19:13:33
Pankration_MMA,көздү бир аз чоң ачып окуш керек,ТҮРКИЯЛЫК ӨНДҮРҮШТӨГҮ КӨП ОРУНДУУ АВТОБУСТАР ДЕП ТУРАТ ...чала окуп алып элди дүрбөтпөгүлөчү....диванный эксперттер
+7
Kanybekov94
2021-08-16 19:23:21
Scorpion_09,конул бурба азыр создун аягына чыгарбай беттен алгандар кобойгон
+6
Sajakat14
2021-08-16 20:36:37
Pankration_MMA,Түркиянын деп жазылып туратго.
0
nazira...
2021-08-16 18:51:35
Ошко да.беришет бекен, окуучулар менен пенсионерлерге жакшы болот эле, тыгылбай ээн эркин
+2
Take90
2021-08-16 19:13:50
Озубуздо деле жасайт ошондой автобусту ошолорду алышса эмне болот ото чон колдоо болмок ишкерлерге
+3
Scorpion_09
2021-08-16 19:16:47
Take90,ошондой автобустарды ,бизде кайсы жерде жасайт , корсотчу ??? Негизи эле кыргызбайларга эч нерсе жакпаган ,наадан калкпыз да... Автобустар жокто автобус алыш керек деп ыйлачу эленер ,эми чон автобустар келээрде , башкача суйлоп калдынар
-2
Kanybekov94
2021-08-16 19:22:14
Scorpion_09,токмоктон чыгарып башташкан калп айтпасам
+3
nazira...
2021-08-16 21:25:11
Scorpion_09,бизде Ошто жаңыдан чыгара башташты, портерге окшогону чыкты, автобусун көрө элекпиз, эми чыгат деп жатышат.
0
Asmat84
2021-08-16 20:54:23
Take90, өзүбүздөн чыккан унааларды өзүбүз тоготпой башка жактан алып келебиз. Себеби көрө албайбыз
0
Sajakat14
2021-08-16 20:38:40
Түркиядан чыккан автобустар келет экен! Сонун! Жакшы жаңылык!
0
Ala.too.456
2021-08-16 20:54:36
Ошто биринчи жолу электробустарды чыгарышты эле, экологиялык жактан таза -деп. Ошолорголе заказ берсенер болмок. Озубузголе пайда болмокго кайра....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан