Ош облусунда ири өлчөмдө акча уурдоого шектүү кыз кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, март айынан ушул күнгө чейин Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагында милиция бөлүмүнө уурулук боюнча арыз даттануулар түшүп турган.
Бул факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү катары Гүлчө айылынын 8-классынын окуучусу, тагыраагы, 13 жаштагы Н.С. аттуу кыз кармалды.
"Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү кыз автоунаалардын ичинен акча жана баалуу буюмдарын жашыруун түрдө уурдап алып жүргөндүгү аныкталды. Ал үй-бүлөлүк муктаждыктан улам апасы экөө манты жасап, аны кыз коомдук жайларга кыдырып сатып жүрчү. Ошол учурларда жарандар базарга же жумушка барып, айрымдары автоунааларын бекитпей кеткендигинен пайдаланып уурулук иштерин жасап жүргөн.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Уурдалган акчалардын ичинен эң ири өлчөмү 2800 доллар болгон, акчалардын айрым бөлүгү кыздын үйүнөн табылган жана ээлерине кайтарылып берилген. Мындан ары кыздын жашоосу жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.