
Ош шаарында унааны мас абалда башкарып бара жаткан айдоочу жол кырсыгына учурап, алган оор жаракатынан улам каза болду. Маалыматты бүгүн, 16-августта Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Башкармалыктын маалыматына ылайык, 16-августка караган түнү белгисиз айдоочу өтө мас абалда Дэу Лачетти үлгүсүндөгү унаасын башкарып жүргөндүгү тууралуу милиция кызматкерлерине билдирүү түшкөн.
"Милиция кызматкерлери жерине барган учурда айдоочу белгисиз тарапка кетип калганы маалым болгон. Жапалак айылына кире бериште айдоочу менен укук коргоочулар кез келген. Бирок унаа башкарган жаран тартип сакчыларына баш ийбестен, унаасын катуу ылдамдыкта айдап качып кеткен. Ал көп өтпөй Качыбек участкасындагы электр мамычасын, андан соӊ жакын турган үйдүн дубалын сүзүп токтогондугу маалым болгон.
Айдоочу 1982-жылы туулган Э.И. Ош шаардык ооруканасына оор абалда жеткирилип, 16-август күнү түштөн кийин каза болду", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.
Учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.