Бишкекте жергиликтүү тургунга бычак сайып, из жашырып кеткен Казак жаранына издөө жарыяланды. Бул туурасында Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, 11-июнда Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз жаран Н.Э. аттуу кишинин курсагына бычак сайып, андан кийин белгисиз тарапка качып кеткени кабарланган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берененин 2-бөлүгү (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталып, экспертизалар дайындалды.
"Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү 1991-жылы туулган Агаликов Ганижан Бахадырович аттуу Казак жараны экени белгилүү болду. Ага карата эл аралык издөө жарыяланды. Учурда шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми жабырлануучу арыз менен кайрылган жок", - дешти мекемеден.