Интернет айдыңына Ооганстандын аэропортунан адамдар батпай калып, абага көтөрүлгөн учактын ичиндеги адамдардын сүрөтү тарады.
Анда Ооганстандан АКШга учуп бара жаткан учактагы жык-жыйма адамдардын сүрөтү тартылган. Учакка башында мынчалык көп адамды түшүрүү пландалган эмес. Бирок өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган оогандыктардын агымын токтотуу мүмкүн болбой, натыйжада 640ка жакын качкын учактын салонуна тыгылган.
15-августта интернет тармактарына Кабул аэропортунда асманга көтөрүлгөн америкалык учактан жерге кулап түшүп жаткан адамдардын видеосу тараган.