"Электр мамысын, үйдүн дубалын сүзгөн". Ошто милициянын кайгуул кызматынан качып бара жаткан айдоочу каза болду

Ош шаарында жол кырсыгынан 39 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 16-августка караган түнү болгон. Анда милициянын нөөмөт бөлүмүнө тургун Ош шаарынын батыш тарабында жайгашкан СМУТТ аймагында белгисиз айдоочу мас абалында өзүнүн Деу-Лассети үлгүсүндөгү автоунаасын айдап жүргөндүгү тууралуу маалымат берген.
"Аталган жерге милициянын кайгуул кызматынын жакынкы аралыкта кызмат өтөп жаткан экипажы барганда, жериндеги күбөлөр мас абалындагы жаран алкоголдук ичимдиктерди алып, унаасы менен белгисиз тарапка кирип кеткендигин билдиришкен.
Айдоочунун мас абалында унаа башкарып жүргөндүгү тууралуу маалыматтан улам кырсыктын алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызматы айдоочуну издөө аракеттерин көргөн. Аталган унаа милициянын кайгуул кызматынын экипажына Жапалак айылынан кез келип, бирок токтотуу талабына баш ийбестен, катуу ылдамдыкта качып кеткен. Көп өтпөй Жапалак айылынын Качыбек участкасындагы көчөдө жайгашкан электр мамысын, андан соӊ жакын турган үйдүн дубалын сүзүп токтогондугу маалым болгон", - деп билдиришти шаардык милициядан.
39 жаштагы Э.И. аттуу жаран Ош шаардык ооруканасына оор абалда жеткирилип, 16-август күнү түштөн кийин каза болгон. Бул факты боюнча тергөө кызматы тиешелүү иликтөөлөрдү жүргүзүп жатканы кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан