Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну өзүнүн унаасын Жаӊы-Арык айылына токтотуп койгон жеринен белгисиз адамдар дөӊгөлөктөрүн уурдап кетишкен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Ак-Суу РИИБине Каракол шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, июль айынын аягында өзүнүн Мерседес-Бенц 230 үлгүсүндөгү унаасын Жаӊы-Арык айылынын четине токтоткондугун жана эртеси төрт дөӊгөлөгүн белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген.
Жабырлануучунун арызы Ак-Суу РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү ошол эле айылдын 41 жаштагы тургуну Т.Ж. болуп чыккан. Алгачкы суракта шектүү далил зат катары уурдалган дөӊгөлөктөрдү алып келген.
Кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Ак-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында терөө амалдары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.