"Ак кеме" повестинин негизинде тартылган "Шамбала" тасмасы Казань кинофестивалында көрсөтүлөт

Белгилүү кино режиссёр Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Татарстанда өтүүчү Казань эл аралык мусулман тасмалары фестивалынын "Түрк дүйнөсү" программасында көрүүчүлөргө тартууланат. Бул тууралуу маалымат кинофорумдун расмий сайтына жарыяланды.

Аталган программага чет элдик режиссёрлордун 5 тасмасы кирген. Алар: "Жаным, сен ишенбейсиң" аттуу казак комедиясы, Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы, Азербайжандан "Ички арал" тасмасы, түркиялык режиссёр Эйлем Кафтандын "Аары уюгу" тасмасы жана "Хайрат" аталышындагы өзбек тасмасы.

Мындан тышкары Орусиянын аймагындагы түрк тилдүү элдердин арасынан 5 мыкты тасма тандап алынган.

Казань кинофестивалы 5-10-сентябрь күндөрү Татарстан Республикасында өткөрүлөт.

Эске салсак, Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Ал буга чейин КМШ чөлкөмүндөгү эң мыкты тасма аталып, Орусиянын "Ника" киносыйлыгын жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан