Москвада төрөп ымыркайын таштанды челекке ыргытып өзү жумушка кетип калган келин 2 айга СИЗОго камалды

Орусиянын Москва шаарында баласын төрөп, таштанды челекке ыргытып кетип калган келин 2 айга СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу таштанды челекке баласын таштап салган келиндин ишине котормочу болуп жаткан Салтанат Митиева SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, келин 19-октябрга чейин камакта болот. Анын баш коргоо чарасы кечээ, 16-августта каралган.

"Мен келин менен жарым сааттай сүйлөшө алдым. Ал ыйлап кызынан баш тартпай турганын, окуянын кандай болгонун айтты. 6 жыл мурун экинчи жолдошуна турмушка чыгыптыр. Алар Москвадан үйлөнүшкөн экен.

Окуя болгон күнү келин күндөгүдөй эле жумушка чыккан. Иштеп жатканда суу кетип, толгоосу башталып, сыртка чыгып эле төрөптүр.

"Төрөгөндө кызым ыйлаган жок. Өлтүрүп алдымбы деп коркуп кеттим. Кучактап турсам дагы ыйлаган жок. Анан аны ороп туруп таштанды челекке ыргытып салдым. Үйгө кирип кийимдеримди алмаштырып келип, кайра таштанды челектен кызымды таппай койдум. Ар кимден сураштырдым. Кайра үйгө киргенде эле артыман полиция келди", - деп айтып берди.

Тергөөдө келиндин кызды издеп жаткан видеосу дагы көрсөтүлдү", - деди Митиева.

Буга чейин Орусиянын Москва шаарында 14-август күнү 41 жаштагы Кыргыз келин баласын төрөп, таштанды салган челекке ыргытып жиберип, кайра жумушка кетип калганын, ал тергөөдө туугандары билбеш үчүн ушул кадамга барганын ага котормочу болуп жаткан Салтанат Митиева билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asyl.jazi
2021-08-17 11:04:18
Эмне учун дароо тез жардам чакырган эмес же жанындагыларга айткан эмес.
+4
Alixan-Nookat.2015
2021-08-17 12:52:45
Чыгарбагыла камактан акмакты
+1
Dembele84
2021-08-17 13:56:03
СИЗО до отуруп ойлонуп чыгаар,талтайып любоюна жатып бериштин аягы кандай болоорун!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан