Биз социалдык тармакта

"1 миң 800 чакырым". Таластан 104 адам Ысык-Көлдү көздөй веложүрүшкө чыкты (фото)

Өлкөнүн туристтик секторун калыбына келтирүү, жайылтуу жана андан ары өнүктүрүү максатында 13-августта Талас ипподромунда дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 104 велосипедчинин катышуусунда масштабдуу веложүрүш башталды. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.

"Бул иш-чаранын уюштуруучулары британиялык "Silk Road Mountain Race" компаниясы жана Туризм департаментинин расмий колдоосу менен "Nomad`s Asia" жергиликтүү туристтик агенттиги. Маршруттун жалпы узундугу 1 миң 800 чакырым", - деп жазылат билдирүүдө.

Иш-чара Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында аяктайт. Веложүрүшчүлөр Балыкчыга 28-августта жетишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suban78
2021-08-17 12:37:33
Тынч олкодо эле жашайлычы, ушундай маанай которгон жанылыктар эле болуп турсун
0
amirrus
2021-08-18 13:00:50
Мляяя бекерчилер чоп чапкыла андан корок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан