Талибдер Ооганстандагы аймактардын биринде коронавируска каршы эмдөөгө тыюу салганы айтылды

Ооганстанга толук көзөмөл орноткон "Талибан" кыймылы өлкөнүн чыгышындагы Пактия провинциясынын жашоочуларына коронавируска каршы эмдөө алууга тыюу салганы белгилүү болду. Бул тууралуу жергиликтүү телеканалдар жарыялаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Пактия провинциясынын Саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчиси Валаят Хан Ахмадзай талибдер аталган аймакты басып алган соң, вируска каршы эмдөө бөлүмдөрүнүн жабылышын талап кылган.

"Андан бери 3 күн өттү. Эмдөө бөлүмдөрү ачылбай турат", - деп билдирген жетекчи.

Талибдер ошондой эле бардык медицина кызматкерлерине коронавируска каршы эмдөөнү токтотуу боюнча эскертүүлөрдү берген.

Эске салсак, жекшембиде "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, чет жакка качып кеткени маалым болгон.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Marat3443
2021-08-17 12:09:03
Эркек екен
-6
Umar7
2021-08-17 12:19:03
Билгени болсо керек да, болбосо себепсиз тыйуу салбайт болчу, демек бул коронавирус атайын ойлоп табылган нерсе
-1
suban78
2021-08-17 12:31:13
Илгери динде укол саюу деген тушунук болбогон, мумкун ошол ой менен тыйу салып жаткандыр, динге каршы иш деп ким билет. Жакында адамдарды операция кылганга да тыйуусалса тан калбайм. Телевизор коргонго, футбол ойногонго да тыйуу салышат. Дагы эмнелерге тыйуу салар экен бул жапайылар. 90пайызы окуганды деле билбесе керек.
+2
ayzhan12
2021-08-17 12:54:30
Жаштарга дин, шарият эмес, светтик билимин жогорулатуу керек. Билим-акылдын жүзү. Билимге гана ишениш керек. Билим гана - коомдун жана мамлекеттин өнүгүү муктаждыктарына жооп берет; коомго туруктуулукту берет. Адамдын жашоодогу ийгилиги жана жыргалчылыгы билим деңгээлине жараша болот. Билим жашоодо ийгиликке жетүү үчүн гана эмес, ден соолукту сактоо жана чыңдоо үчүн, акылдуу адамдар менен бирге жашоо үчүн керек. Билим адамдын коомдогу кадыр баркын жогорулат
0
Mister-XXX
2021-08-17 14:27:28
ayzhan12,Ой азамат билет экенсин го.Сен да коп билим алсан,башка улуттун,башка диндин кадыр-баркына шек келтирбей каласын.
+1
SHaidulda
2021-08-17 14:24:46
Бир ушул жагы,жакшы, экен талибтердин
-2
Antiradikal3
2021-08-17 16:03:41
SHaidulda, мына, сендей акылы тайкы, диний сабатсыз, чала молдо дин бузар болуп билип билбей дооругон диний фанаттар бул кетиште Кыргызстандын Афганистанга айлануусун каалайсынар...
0
SHaidulda
2021-08-17 17:58:43
Antiradikal3,мен динчил эмесмин толка укол кылдырбаганын айттым ошо динге берилгендер кыр-ды авганистанга айландырышы, мумкун
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан