Нарын облусунда 39 жаштагы киши дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 30-июль күнү Учкун айылынын 1982-жылы туулган А.Э. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бүгүнкү күнгө чейин ИИМдин кызматкерлери менен туугандары биргеликте издешкен.
"Кечээ, 16-август күнү аталган жарандын туугандары ӨКМга кайрылып, Нарын дарыясынан издеп берүүнү суранышкан. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 17-август күнү издөө иштери уланууда", - деп билдиришти мекемеден.