Талибан: БУУнун Ооганстандагы өкүлү өлкөдө массалык кыргын болуп жатканын жарыялады

"Талибан" кыймылы толугу менен көзөмөлгө алган Ооганстанда массалык адам өлтүрүү жана үйлөрдү тинтүүгө алуу болуп жатат. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Ооганстандагы туруктуу өкүлү Гулам Исакзай билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, талибдер Кабулдун кээ бир аймактарында үйлөрдү тинтүүгө алып, тизмедеги адамдарды издешүүдө. Ошондой эле массалык киши өлтүрүү фактылары катталган. Өкүлдүн билдиришинде, Кабул шаарындагы адамдардын өмүрү коркунучта.

"Талибдер дагы бир жолу убадаларын жана милдеттенмелерин бузду. Биз Кандагарда жана башка чоң шаарларда талибдердин массалык түрдө аскердик жана карапайым тургундарды өлтүргөн үрөй учурган сүрөттөрүн көрдүк", - деген Исакзай.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш бардык өлкөлөрдү Ооганстандан качкындарды кабыл алууга чакырды.

Өз кезегинде талибандардын лидерлери америкалыктар менен кызматташкан оогандарды жазалабай жана куугунтуктабай тургандыктарын билдиришкен.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантып, учурда Ооганстандын дээрлик бардык аймагы талибандардын көзөмөлүнө өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
SHaidulda
2021-08-17 11:04:28
Кандай мыкачылар бийликти алса дале токтобой
+6
Antiradikal3
2021-08-17 16:05:45
SHaidulda, сенин пикирлештерин, талибдер сага окшогон диний фанаттар.
-1
Gulina90
2021-08-17 11:07:48
Бул канкорлорду тыя албайбы эчким,карапайым элде,жаш балдарда эмне куноо,эч бир адамга мындай нерсени көрсөтпөсүн Аллахым.
+9
Jaraisyn
2021-08-17 13:51:29
Айбандар деп атоодон башка эч нерсе эмес. Ислам мамлекентин түзүү максаты бар инсандар өспүрүм кыздарды зордоп аялдыкка алабы, же исламда ошону жазып коюппу. Мейли эми 85000 талиб үйлөнүш керек, бала-чакалуу болушу керек, бирок бул жол менен эмес.
+2
Rifle_I
2021-08-17 15:38:14
Супер дагы батыштын кабарларын таратып жатышат.
Ютуптан көргүлө. Талибдер куралдарын тапшырып жатат согуш бүттү деп. Жарандарынын коопсуздугун алдыга коюшту. Булардын да башы бар, мамлекет курабыз деп жатышат. Кийин дагы коңшулар менен мамиле кылыш керек.
0
Rifle_I
2021-08-17 15:39:01
Талибдер США тарабынан өндүрүлүп келген наркотиктерди жок кылышты. Маалыматты башка жактардан дагы окугула туугандар.
0
Antiradikal3
2021-08-17 16:07:15
Rifle_I, талибдер наркотиканын жардамы менен байыйт..... Жок кылса жон гана шоу, биздин Ташиевдин шоусуна окшогон......
-1
Rifle_I
2021-08-17 15:39:33
Талибдердин талабын талашпайм, бирок мага алардын кадамы жагып жатат чем американын кийлигишүүсүнө караганда.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан