Ооганстанда "Талибан" кыймылы өспүрүм кыздарды күч менен аялдыкка алып жатат деген билдирүүлөр тарады

Интернет тармактарында Ооганстанга толук көзөмөл орноткон "Талибан" кыймылынын согушкерлери аймактардагы өспүрүм кыздарды күч менен аялдыкка алып жатканы тууралуу маалыматтар жарыяланууда. Бул тууралуу айрым чет элдик басылмалар өздүк булактарга таянуу менен бир катар маалыматтарды чыгарып, окуя боюнча жашыруун тартылган видеолорду да бөлүшүп жатышат.

Чет элдик гезиттердин бири "Талибан" кыймылынын аскер башчылары көзөмөлгө алынган аймактардын аксакалдарынан турмушка чыга элек аялдардын жана жаш кыздардын тизмесин жазып берүүнү талап кылып жатышканын жазып чыкты. Алар өз жоокерлерине аял алып берүү үчүн ушундай иш-аракеттерди жасап жатканы да айтылды.

Жарыяланган маалыматка караганда, талибдер айылдарда үймө-үй кыдырып, жаш кыздарды күчкө салып эле алып кетишүүдө. Айылдын аксакалдары мурда мындай көрүнүшкө 15 жаштан 45 жашка чейинкилер эле туш болуп келсе, бара-бара 12 жашар өспүрүм кыздар да талибдердин мындай жоругуна илинип жатканын айтып чыгышкан.

Ошондой эле аталган аймактарда көптөгөн кыз-келиндер үй-жайын таштап качып кетүүгө аргасыз болуп жатканы тууралуу кабарлар тарап жатат.

Дагы бир маалымат булагы талибдер көзөмөлдөгөн аймактан качып чыккан 22 жаштагы журналист кыздын айтып бергендерин жарыялады.

Анын айтымында, ага менеджери чалып, белгисиз номерлерге жооп бербөөнү жана тез арада шаардан качып кетүүнү эскерткен. Ал таякеси менен бирге шаардан качып чыгып, жакынкы айылдардын бирине барган. Бирок талибдер алардын турган жеринен кабардар болуп калышкан. Талибдер эгерде кыз ал жерден табылып калса, бүтүндөй айылдын тургундарын жок кыларын айтып коркутушкан. Бирок кыз жана анын таякеси ал жерден да из жашырып кетишкен.

Ошондой эле буга чейин талибдер басып алган аймактарда катаал ислам эрежелерин орнотуп жатканы да маалымдалган. Маселен, эркектерге сакалын алууга, өлкөнүн желегине түспөлдөш кийимдерди кийүүсүнө тыюу салынган. Ал эми аялдарга милдеттүү түрдө хиджаб кийип жүрүү жана күйөөсү жок көчөгө жалгыз чыкпоо сыяктуу эрежелер киргизилген.

Ал эми "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү жогорудагыдай маалыматтар боюнча билдирүү таратып, аларды толугу менен четке кагууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
ayzhan12
2021-08-17 12:50:38
Эч качан диний шариятты өлкөгө жолотпош керек. Диний Шарият менен эч бир маселе жөнгө салынбаш керек. Жаштардын светтик маданияттын, кош карашын которуп, бекемдоо керек. Болбосо Жихадка кошулсак, шарияты колдосок бейишке барат экенбиз, акыретке сооп болот деген сыяктуу жомокторго ишенгендер толуп кетти окшойт.
-5
KG-312
2021-08-17 12:53:42
ayzhan12, Чачты койо берип жүргүлө деп кой)))).
-4
Ela93
2021-08-17 14:24:54
ayzhan12,Ислам динин да сага окшогон бузукулар ушинтип пайдаланып жатат, сенда так ушулардай кейипин кийесин колуна бийлик келсе!
-5
alym21
2021-08-17 13:06:51
Кудай сактасын
+6
Aidan_Ek
2021-08-17 13:09:03
Кыргызча суйлоп атат го
-4
Gulina90
2021-08-17 13:14:25
Кыргызча сүйлөдү коё бер деп,кудай сактасын жер жутсун мындай мыкаачыларды.
+5
bekalife
2021-08-17 13:59:14
Журогум чыдабай кетти. Кызга боорум ооруп. Америка мусулман олколорун бири бирине салып жок кылууну пландап журот дайыма.
+3
Ela93
2021-08-17 14:20:53
Ушул бийлигибизге да шугур кылбайбыз, айрыкча Мадумаровдун тили менен айтканда"сабаттуулар".. ары бери болунуп журоберсек биз жакшы, онуккон олкого айланбайбыз!!!
0
Antiradikal3
2021-08-17 15:29:22
Ela93, бийликте лохтор отурса сен шугур кыоып отура бер... Элдин жарымы жыргаганынан тентип журобу Кыргызстанда жашоо май кол сут кол болгон болсо...

Бийликке пахта коюп буто албадынар да дакансалар.......
+5
Antiradikal3
2021-08-17 15:32:20
Диний фанатизмдин акыбети ушундай болот. Биздин коомдо динди козомолдогон эч ким жок. Коп жерде мыйзамдан динди жогору коюп, динге шылтап мыйзамсыз иштер болууда. Дааватка бир эки чыгып келип эле, как будто 30-40 жыл дин илимин изилдеп таалим алган аалымдан бетер оолугуп ар кимге насаат айткандар кобойуудо. Мунун акыбети жакшылыкка алып барбайт......
+1
Rifle_I
2021-08-17 15:36:03
-1
Antiradikal3
2021-08-17 15:36:48
Ата-бабанар силерчилер даават деп жер кезип, каяктагы Индия, Афганистан, Пакистанга барган эмес. 5 убак намазын окуп коюп, мал-коюн кайтарып, эгинин чаап кор тиричилигинин артынан жургон. Атадан оозунуп бала сакал койгон эмес. Кыргыз кыз-келиндери бетин чумконуп хиджап кийген эмес.

Же илгеркилер акылсыз, силер акылдуусунарбы? Илгери Курманжан датканын жанында аалым молдо кожолор болгон. Динден кабары бар датка энебиз да кыргыз кийими менен жургон, намазын окуп коюп...
+9
Antiradikal3
2021-08-17 15:42:04
Азыр динге шылтап коомду болуп жарып жатасынар. 5 убак намазынды окуп тынч гана журбостон ар бир нерсеге мурдунарды тыгып, кандай жашоону уйрото баштадынар. Айылда узун койнок кийген аялдарынарга хиджап кийгизип, озунор апсайтып сакал коюп, арабтын ыштан дамбалын кийип, талибандардан айырманар калбады тышкы корунушунордо. Ой жугуртуунордо деле коп айырма жок. Аранардан канчоон дин илимин изилдеп терен билим алгансын? Санай келсе биртке гана. Диний билиминер тайкы, асмандан суйлойсунор
+6
Antiradikal3
2021-08-17 15:47:47
Былтыры коронавирус башталганда Нарматов дооругон, бул оору Алла Тааланын аскери, каапырларга барат деген кыязда. Жума намаздар мечиттерде окулушу керек эле деп тополон кылган. Акыбети эмне болду? Тоготпой журуп оору кучоп миндеп адам кырылып кетти. Ооруну тоготпой ар кандай ушак айын тараткандардын башында чала молдо дин бузарлар турган.

Азыр да вакцина албагыла, палан-тукун болот деп кайра эле чала молдо дин бузарлар элди дурботуп журот соц.тармактарда, ватсапта...
+2
bratanyn
2021-08-17 22:14:46
Antiradikal3,Аалымдарга асылбай сүйлөгүн!Ошолор бар мамлекетибиз тынч үй бүлөбүз тынч.Аалымдарга асылып дозоктун отун жутба!?
-1
Antiradikal3
2021-08-17 15:52:21
Илгери кыргыз ар кандай эпидемиядан кырыла берчу. Маркум Туголбай Сыдыкбеков агабыздын энеси 16 же 17ни торогон экен. Алардан 4-5 гана тируу калат. Копчулугу ар кандай эпидемиялардан коз жумган. Союз убагында элди жапырт эмдоодон откоруп, ар кайсы ооруларга каршы вакцина берип келип эпидемия эмне экенин эл унута тушту эле. Болбосо келте, кара тумоо, кызамык ж.б. оорулар жуздоп миндеп адам омурун алып турган. Коронавирус да ошол эпидемиялык оорулардын бир туру, жанысы...
+7
Antiradikal3
2021-08-17 15:57:31
Эгер эпидемиядан аман соо калгыбыз келсе, медиктерге кулак салып, сактан десе сактанып, вакцина алуу керек.

Ооруга диний фанаттар маани бербей жатышты эле. Былтыры 1 ай ичинде казак менен кыргыздын алдынкы дин аалымдары бул оорунун айынан каза болушту. Бирок арадан 1 жыл отпой чала молдо дин бузарлар кайра коомду болуп жарып ар кандай терс угутторду жургузуп келет...

Эгер олкодогу дин эркиндигин жонго салып козомолго албаса, Кыргызстан экинчи Афганистанга айланат келе
+6
lenovo820
2021-08-17 17:00:21
Antiradikal3, пай пай Кыргызстанда сендей акылдуулар да бар экен таң гору. Слишком акылдуу жан экенсиң. Акылың 101 болуп кеткенби?
-4
Aza96
2021-08-17 17:21:02
Antiradikal3, Кыргызстанда Акылдуулардан Арыстан алай менен Сен экөөбүн калгандайсын.
-4
Antiradikal3
2021-08-17 18:37:38
Aza96, сен экоон барып кругозорунду остурчу, чала молдо дин бузар болбой...

Эмне, чындык жакпай жатабы? Чын болгону учун да чычалап чыктынар.......
+2
Mylatka..
2021-08-17 19:00:07
Aza96,)))
-4
nazira...
2021-08-17 19:19:52
Калп, бул видео айткандарга.туура келбейт. Эски видео. Бул жерде башкача көрүнүш болуп турат негедир. Ыйлап жаткан кызды атасы бир жакка алып кетип жаткандай. Башкалар жөн эле карап турушат, апасынан башка. чындап 12 жаштагы кызды зордоп алып кете турган болсо турган элдин баары болушмак. Же жаш кызды атасы зордоп куйөөгө берип жатат окшойт, эски видео.
-4
Noon
2021-08-17 23:02:50
Аллахым Кыргызстан мамлекетинин эркиндигин сактасын. Ушул жашообузга мин шугур. Балдар-кыздарыбыз тынч жашоодо чоноюшуп жашасын кудайым омийин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан