АКШнын президенти Жо Байден Американын аскерлерин Ооганстандан чыгаруу боюнча кабыл алган чечими үчүн эч качан өкүнбөй турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мен өз чечимиме бекем турам" деп билдирген өлкө жетекчиси.
Ошондой эле ал АКШ Ооганстандагы "Аль-Каида" террордук кыймылы менен күрөш жүргүзүүдө бардык максаттарына жеткенин жана мындан ары башка өлкөлөрдөгү террордук топтор менен күрөшүү керектигин белгилеген.
Эске салсак, АКШ аскерлерин Ооганстандын аймагынан расмий түрдө чыгарып кеткенден баштап "Талибан" кыймылынын согушкерлери менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы тирешүү күчөгөн. Бара-бара талибдер Ооганстандын аймактарында үстөмдүгүн күчөтүп, өлкөнүн чоң шаарларын ээлей башташкан.
Өткөн жекшембиде согушкерлер борбор шаар Кабулду камоого алып, бүтүндөй Ооганстанга көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, чет өлкөгө качып кеткени кабарланган.