Чүйдүн Сокулук районунун кызматкерлери тарабынан дайынсыз болуп изделип жаткан 2004-жылы туулган Саида Исмаилова сак-саламат табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыз 16-август күнү Ош шаарындагы батирлердин биринен жигити менен табылган.
Бүгүн, 17-августта кыз жана анын 1996-жылы туулган жигити Сокулук РИИБине териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн жеткирилген.
Милиция кызматкерлери ата-энелерден балдарга көзөмөл кылууну өтүнөт.