Биз социалдык тармакта

2 спортчу барат. Улукбек Марипов Токиого бара турган Паралимпиадалык курама командасын кабыл алды

Улукбек Марипов Паралимпиадалык курама командасын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин башчысы спортчуларга ийгиликтүү катышууну жана жаңы жеңиштерди каалады.

"Спорт адамдарды бириктирет, эркти чыңдайт жана бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет. Спорттук жыйынтыктарыңыздар менен сиздер кандай гана кыйынчылык болбосун жеңе аларыңыздарды далилдедиңиздер, жеке үлгүңүздөр менен сиздер эрктин жана коюлган максатка умтулуу эмне экенин көрсөттүңүздөр. Алдыда боло турган Паралимпиадалык оюндарда бүтүндөй кыргыз эли сиздерди колдойт. Ийгиликтүү катышыңыздар", - деди Улукбек Марипов

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Паралимпиадалык команданын мүчөсү Арыстанбек Базаркуловго Кыргыз Республикасынын желегин тапшырды.

Эске салсак, 2021-жылдын 24-августунан тартып 5-сентябрына чейин XVI Паралимпиадалык оюндар Токиодо өтөт.

Ата мекендик спортчулардын арасында алдыдагы мелдештерге лицензияларды эки спортчу утуп алган. Алар: пара-жеңил атлетика боюнча (ок атуу) Арыстанбек Базаркулов жана азиз спортчулар арасында пара-дзюдо боюнча 57 килограммга чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhaynak
2021-08-17 13:36:26
Ийгилик каалайм. Женсе да женбесе да акчалай сыйлык караш керек созсуз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан