"Козу карын чогултуу үчүн барышкан". Ысык-Көлдө 65 жаштагы кишинин сөөгү табылды

Ысык-Көл облусунда 65 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 16-август күнү 4 адам (1 аял, 3 эркек) Ак-Суу районунун Түргөн капчыгайындагы Тихая вода тилкесине козу карын чогултуу үчүн барышкан. Алар козу карын жыйнап жүргөн кезде 1956-жылы туулган М.С. аттуу жаран дайынсыз болуп жоголуп кеткендиги тууралуу ӨКМга билдиришкен.
"Издөө иштерине ӨКМнын жалпы 15 куткаруучусу тартылган. Бүгүн, 17-августта маркумдун сөөгү туугандары тарабынан табылган", - деп билдиришти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан