Талиб согушкерлери Кабулду басып алгандан кийин ооган аскерлери Өзбекстанга качкандыгынын себебин айтышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылды.
Маалыматка ылайык, Өзбекстанга келген аскерлер жеке курал-жарактарын берүүгө даяр экенин билдиришкен.
"Талибдер Кабулду алышты. Биз согуш талаасынан качтык. Башка айлабыз жок болгондуктан, бул жакка келүүгө аргасыз болдук", - деп түшүндүргөн аскерлердин бири.
Эске салсак, 15-августта Сурхандарья облусунун Шерабад районунда Өзбекстандын Коргоо министрлиги аба коргонуу күчтөрү чек арадан өтүп кеткени үчүн ооган аскердик учагын атып түшүргөн.
Белгилей кетсек, жекшембиде "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.