Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы үрөй учурган жол кырсыгы. 5 адам каза болуп, ону жаракат алды

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 5 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен Кубакы ашуусунда жүргүнчү ташуучу Мерседес-Бенц-Спринтер менен Ман үлгүсүндөгү унаалардын кагылышуусу тууралуу маалымат түшкөн.

Жүргүнчү ташуучу унаада болжол менен 15 адам болгон, анын ичинен 2 эркек, 3 аял каза болгон. Дагы 10 адам жабыркаган.

Каза болгон жана жабыркаган жарандардын аты-жөнү такталууда.

Жерине Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KG-312
2021-08-17 14:13:11
Спринтер да, Манда болушунча басатко өпкөлөрүн колдоруна алып!
+1
munduz2016
2021-08-17 14:20:44
Согушта да мынча киши өлбөйт
+2
KaGaH
2021-08-17 14:34:26
Эх кыргызым жол кырсыгынан кырылып бүтмөй болдук!
жол эрежесин эс ким сактабайт бизде, Кыргызстанда машина айдагандан корком
+3
Omyke
2021-08-17 16:58:27
Жакындарына Сабырдуулук бересин Аллахым
0
Ak_Bulut
2021-08-18 13:20:34
9 кишиге жетиптир дейт го, больницадан четинен кетип атат дейт. Жаман болуптур. Бөөдө кырсыктан алыс бололу (
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан