Бүгүн, 17-августта таңга маал Жалал-Абад шаарындагы унаа оңдоочу жай толугу менен жана анын ичиндеги 5 унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күйүп кеткен автоунаалар Тойота Виндом, Ниссан Примера, Ниссан Цефиро, Фольксфаген Пассат жана Дэу Тико үлгүсүндөгү унаалар болгон.
Ошондой эле кырсыктан улам 24 жаштагы кызматкер дагы жеңил жаракат алганы айтылды. Жабыркаган жаранга "Тез жардам" кызматкерлери жеринен зарыл болгон медициналык жардамды көрсөтүшкөн.
Учурда окуя болгон жерде ӨКМнын кызматкерлери өрттүн келип чыгуу себептерин жана келтирилген зыяндын өлчөмүн тактоо иштери улантып жатканы маалымдалды.