Ооганстандан 9 Кыргыз жараны мекенге эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ооганстандагы туруксуз кырдаалга байланыштуу аталган өлкөдөгү элчиликтин жардамы менен 9 Кыргыз жараны өлкөгө эвакуацияланган.
"Калган бардык жарандар коопсуз жайда турат, азыркы учурда аларды Кабулдагы дипломатиялык миссиясынын имаратына жайгаштыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жекшембиде "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган.