"Баңгизат саткандар өлүм жазасына тартылат". "Талибан" кыймылынын алгачкы жарлыктары жарыяланды

Интернет тармактарында Ооганстанды көзөмөлүнө алган "Талибан" кыймылынын алгачкы жарлыктары тууралуу маалыматтар жарыяланууда. Бир катар басылмалар мурдагы Ооганстан өлкөсүнүн Ооганстан Ислам Республикасы деп аталганын жана бийликке келген "Талибан" кыймылынын алгачкы жарлыктарын жазып чыгышты.

"Талибан" кыймылынын жаңы жарлыктары:

1. Кан төгүү менен коштолгон иштерге өз алдынча баа берүүгө тыюу салынат. Адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштарга жазаны шарият соту гана бере алат;

2. Баңгизаттарды өндүрүү, сатуу жана бул жаатта кызматташуу иштерине аралашкандар өлүм жазасына тартылат;

3. Адам уурдоо, бийлөө жана сексуалдык зомбулук көрсөтүү сыяктуу иштерге толугу менен тыюу салынат. Бул жаатта мыйзамды бузгандар өлүм жазасына тартылат;

4. Ооганстан Ислам Республикасынын аймагында пайыздык карыздар таптакыр жокко чыгарылат;

5. Ыйык жерлерге сыйынгандар, мүрзөдө курмандык чалгандар, ар кандай сыйкырчылык менен алектенгендер, ошондой эле тумар таккандар менен төлгө салгандар шарияттын мыйзамдарына ылайык жазаланат;

6. Ооганстан Ислам Республикасы өлкөнүн өнүгүшү үчүн дүйнөнүн бардык өлкөсүнөн инженерлерди, дарыгерлерди кабыл алат. Аларга жогорку айлык акы төлөп берүүгө даяр экенин баса белгилейт;

7. Өлкөдө соодагерлер жана кол өнөрчүлөр адаттагыдай эле иштерин уланта алышат;

8. Аялдарга махрамсыз (жакын эркек тууганы) көчөгө жалгыз чыгууга тыюу салынат;

9. Жалпыга маалымдоо каражаттары эч кандай чектөөсүз эркин иш алып барышат. Бирок мазактоо, жалаа жабуу, үгүттөө жана бузукулукту жайылтуу сыяктуу иш-аракеттер байкалган учурда шарияттын негизинде жазага тартылат;

Эске салсак, жекшембиде "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, чет жакка качып кеткени маалым болгон. Андан соң талибдер убактылуу өкмөттүн түзүлүшүнө каршылык билдирип, бийликти толук бойдон өткөрүп алууну күтүп жатканы айтылган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Asmat84
2021-08-17 17:14:16
Бирок эң туура мыйзамдар экен.
Бизге да керектүү мыйзамдар бар экен
+12
ayzhan12
2021-08-17 19:55:08
Asmat84,
Бизде деле бангизат менен камаласын. Бирок талибтер бангизаты оздору колдонушат
+5
Mylatka..
2021-08-17 17:35:21
Анан эмнеге кан төгүп жүрүшөт?
Кылгандары баары динге каршы келет ,бирок жазган мыйзам келишимдери ислам дининин негизинде жазылган.
Буларды көрүп динге мусулмандарга шек келтиргендерди Мухаммед салаллаху алайхи вассалам пайгамбарыбыздын өмүр баянын ,сахабаларынын өмүр баян жашап өткөн жолун окуусанар ,баардыгы чыныгы дин мн исламдын жүзү ачык даана бири түн бири күн сынаары ачык байкалат.
+2
Rifle_I
2021-08-17 17:53:25
Mylatka..,Кан төгүп, элди кырып жатат деген маалыматтар жалган.Талибдер алар афганистандыктар. Жергиликтүү калктын ичинен чыккан активисттер. Батыштын таасирин жоготуп, өзүнүн мамлекетин курабыз деп жатышат.
Окуучулар кадимкидей мектепке барып, аялдар өз иштери менен алек боло баштаптыр. Башка жерлерден окугула маалыматты. Супер эркин маалымат жазалбайт.
0
Antiradikal3
2021-08-17 18:35:17
Rifle_I, ,талибдер - активисттер? Кулкумду келтирбечи... Сандырак пикир жазгандан уялчы...
+3
suban78
2021-08-17 22:01:52
Rifle_I,ойййооу, жыйырма жыл мурун бийликке келишкен, ошол жонундо маалымат таап окуп корсон. Булар радикалдык исламдын жайылтуучулары, мындайча айтканда борк ал десе баш алгандар.
+5
Marat3443
2021-08-17 18:11:24
Mylatka..,кан токонун кордунбу
-4
Mylatka..
2021-08-17 18:40:14
Marat3443,көргөн жокмун .Анан эмне эли качып жатат алардан????????
+2
Jacob.
2021-08-17 18:17:12
Кан тогуп жатат деген БУУ нун окулдору деле жанынан корушпоптур го, суротторун кордук дептир..
0
nazira...
2021-08-17 18:56:50
Мен да тескери ойлоптурмун, бирок андай эмес экен айтып жатышат. Ошондой эле болсунчу. Бир кудай өзү билет да.
-1
Antiradikal3
2021-08-17 19:35:08
nazira..., Ким айтып жатат? Диний фанаттарбы? Бироо айтты дебестен озун ой жугуртуп тыянак чыгара албайсынбы оз алдынча? Ким эмне десе ошого макул боло бересинби?....
-1
Antiradikal3
2021-08-17 19:37:01
Афганистан онугобу же бетер болобу убакыт корсотот. Бирок бийликке жетуу учун коп курмандыктар болду, коп кан тогулду. Жаш балдар набыт кетип жатты. Окунучтуу......
+3
Nina.alex
2021-08-17 20:36:26
Ущуларга да ищенгендер да бар экен да. Эми баары бутуп,афганский лапшага ишене баштадык
+6
Napaleon
2021-08-17 21:15:59
Талибан алга!
-5
jaskaaa
2021-08-18 01:19:29
Неси болсода тынчтык болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан