Биз социалдык тармакта

Баткенде жашоо-шарты оор кырдаалга кабылган 6 өспүрүм кризистик борборго жайгаштырылды

Кызыл-Кыяда жүргүзүлгөн “Өспүрүм” аталышындагы иш-чарада жумушка тартылган жаш балдар аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Кызыл-Кыя шаарында 16-23-август күндөрү милиция кызматкерлери шаар аймагын кыдырып, кылмыштуулукту болтурбоо жана укук бузуулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Иш-чаранын жыйынтыгында "Таштемир-Ажы" базарында соода кылган, унаа жуучу жайда иштеген 2 өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми жашоо-шарты оор кырдаалга кабылган 6 бала аныкталып, алардын баары аталган шаарда жайгашкан “Тирек” кризистик борборуна жайгаштырылды", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан