Бишкектин түндүк-батышындагы жер жана мөмө-жемишти дүң баада саткан "Сары-Өзөн" базары толугу менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.
"Жогорку Соттун чечими менен "Сары-Өзөн" базары мамлекетке кайтарылды. Базар менен бирге 3 гектар жерди жана башка базар активдерин алдык. Бардык керектүү процедураларды аткаргандан кийин бул базардан орунду ижарага берүүдөн түшкөн төлөм мамлекеттик бюджетке түшөт", - деди Бакиров.
Мындан тышкары, Бакиров бүгүнкү күндө бир кезде мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен объектилер боюнча соттук териштирүүлөр уланып жатканын кошумчалады.