Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Милициянын маалыматына караганда, 21-июнь күнү Октябрь райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 2020-жылдын октябрь айында С. аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип Iphone 12 уюлдук телефондорун импорттоону убада кылып, 1 миллион 850 миң сомун ээлеп алып из жашырып кеткенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө жана изилдөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1996-жылы туулган С.Т. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу айга камакка алынды. Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу изилденип жатканы кошумчаланды.