Дүйшөмбү күнү Кабулдун аэропортунан учуп чыккан америкалык С-12 учагынан ооганстандык жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Ал эми окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.
Маалыматка ылайык, шассиге байланган жаран учак менен кошо учуп кете берген. Аны жүргүнчүлөрдүн бири учактын терезесинен байкап калып, видеого тартып алган. Видеодо шамалга желбиреп бара жаткан адамдын карааны даана байкалат.
Ал эми аталган учак орто жолдон "убактылуу жараксыз" деп табылгандыктан учкучтар жакынкы аэропортко конууга аргасыз болушкан. Учак аба майданга конгондон соң шассиде желбиреп бара жаткан караан адамдын жансыз денеси экендиги аныкталган.
Каза болгон жаран өлкөдөгү акыркы абалдан улам чет өлкөгө учуп кетүүгө аракет жасап, шассиге өзүн-өзү байлап алганы божомолдонууда.
Эске салсак, "Талибан" кыймылы бийликке келген соң миңдеген оогандыктар өлкөдөн чыгып кетүү үчүн Кабул аэропортуна агылып, бир топ башаламандыктар менен коштолгон. Андан соң жерден көтөрүлүп бара жаткан учактын ар кайсы бөлүктөрүнө жармашып кетүүгө аракет кылган жарандардын жерге кулап жаткан видеосу тараган. Бул окуяда 7 адам каза тапканы да маалымдалган.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.