"Талибан" кыймылы ээлик кылгандан кийин Ооганстандын борбору Кабул шаарында күйүүчү май калбай калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, шаардагы май куюучу жайлардагы бензин кескин кымбаттаган. Бирок май куюуга мүмкүнчүлүк жок. Аскердик унаалар да бензин таба албай май куюучу жайлардын жанында катар-катар танктар жана аскердик унаалар тизилип калган.
Мындан тышкары шаардын көчөлөрүндө эл көп эмес. Шаардагы чоң дүкөндөр жабык, кичинекей дүкөндөр гана ачык.
1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантып, учурда Ооганстандын дээрлик бардык аймагы талибандардын көзөмөлүнө өттү.