Маалыматка ылайык, Октябрь районунун башчысы Мирлан Эшкожоев мектеп жана бала бакчанын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
"№39 мектеп-гимназияда чатыр жана сантүйүндөр алмаштырылууда. Ал эми №14 орто билим берүү мектептеринде жылытуу системасын жарым-жартылай алмаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жакында оңдоо иштери аяктайт.
№109 бала бакчасында жылытуу системасы оңдолууда, чоюн батареяларын орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Бишкекте билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоо иштери улантылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.