Фейсбук социалдык тармагы "Талибан" кыймылын террордук уюм деп эсептей турганын билдирди. Андыктан аларды колдоого үгүттөгөн ар кандай чакырыктарды аталган тармакта жарыялоого жана таратууга тыюу саларын белгиледи. Бул тууралуу Фейсбук компаниясынан билдиришкенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, компания эл аралык коомчулуктун чечимин колдойт жана аларга Фейсбук тармагынын кызматтарынан пайдаланууга тыюу салат.
"Бул нерсе биз талибдердин же алардын атынан кирип жаткандардын баракчаларын өчүрөбүз дегенди билдирет. Ошондой эле алар тууралуу колдоо, даңазалоо сыяктуу маалыматтарга толук түрдө чектөө коюлат", - деп билдиришкен компаниянын өкүлдөрү.
Ошондой эле талибдерге байланышкан маалыматтарды көзөмөлдөөчү ооган эксперттеринен турган атайын топ бар экенин кошумчалашкан. Аны менен бирге бул нерсе Фейсбуктун карамагындагы бардык тармактарга, айрыкча Инстаграм менен Вотсапка да тиешелүү экендигин баса белгилешкен.