Биз социалдык тармакта

Бишкек мэрлигине Айбек Жунушалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

Бишкек шаарынын мэрлик кызматына Айбек Жунушалиевдин талапкерлиги сунушталды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиянын басма сөз кызматынан бүгүн, 17-августта кабарлашты.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, Айбек Жунушалиевдин документтери Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер катары каттоо үчүн Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

"Айбек Жунушалиевдин талапкерлигин калаа башчылыкка көрсөтүү министрлер кабинетинин төрагасы жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы болуп саналат", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, 12-августта Жунушалиев мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бул кызматка келгенге чейин ал министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Antiradikal3
2021-08-17 19:31:47
Дагы бир чимкирик мэр болот экен да. Бишкек жакшы мэрге жарыбас болду.....
+8
bessmertiy
2021-08-17 19:41:48
Иштеймин деген Таалайбек Сарыбашевди колдоп-коштоп, иштетиш керек эле. Оштук деп кодулап атып кетирдиңер.
+10
Dembele84
2021-08-17 22:01:28
Иштетип коргулочу озунордун чуйлук жигитинерди,Бишкекти онуктуруп жиберсе ажеп эмес.Бир жакшына иш баштаган мэрди Оштук деп тултундады кээ бир трайбалисстер!
+2
Alinur96kg
2021-08-18 00:46:49
Атын ырымдап Токтобек деп койгулачы.Мэр болуп жакшы иштеп токтоп калсын.
0
Antiradikal3
2021-08-18 01:12:09
Alinur96kg, Токтойбу жокпу шаарды онуктуро алса эсеп. Онуктуро албаса креслого жабышып 5-10 жыл отурганда эмне?!.....
0
zhaynak
2021-08-18 09:52:06
Бишкек онугуусу учун канча мер керек десе, мер эмес мээ керек деди эле, мээлуусун Оштон алып барса, батырбады. Тазартып Бишкекти, шаардагы жашоочуларга кичине таза аба жуткуруп коймок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан