
"Токио-2020" XXXII Жайкы Олимпиада оюндарына катышкан кыргыз курамасын сыйлоо аземи 23-августта болот. Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда орун алары президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тарабынан белгилүү болду.
Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары 23-июлда башталып, 8-августта жыйынтыкталды. Кыргыз өлкөсүнүн атынан спорттун 6 түрүнөн жалпы 16 спортчу барган. Алардын ичинен грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов күмүш медалга жетишкен. Ал эми эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова дагы күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байгени багындырды. Бул эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн Олимпиада тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Кийинки Олимпиада оюндары 2024-жылы Франциянын Париж шаарында өтөт.