Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы ашканадан кечээ, 31-октябрда өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Өрттөн улам ашканадагы буюмдар, эмеректер өрттөнүп кеткен. Ашкананын 49 жаштагы ээси В.Ш. колунан күйүк алып, райондук ооруканага жеткирилген. Тагыраак айтканда, колунун 3 пайызы күйүккө чалдыккан.