"Талибандар" кыздардын билим алуусуна тыюу салышы мүмкүн деп коркуп...". Ооганстанда мугалимдер окуучу кыздар менен коштошту

Ооганстанда мугалимдер "Талибан" террордук тобунун согушчандары кыздардын билим алуусуна тыюу салышы мүмкүн деп коркуп, окуучу кыздар менен коштошту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Ооганстандын консервативдүү достор" уюмунун директору Шабнам Насими Твиттерде талибдер өлкөнү кайра көзөмөлгө алгандан кийин окуучу кыздар менен коштошуп жаткан мугалимдердин сүрөттөрүн жарыялап, "Ооганстандагы мектептин сүрөтү коопсуздукка байланыштуу жабылган. Студенттер баары бир эрте келишти. Мугалимдер мындан ары мектепке барбай турган окуучу кыздары менен коштошот", - деп жазып калтырган .

"Ооганстанда талибдер эл аралык аскерлер тарабынан кулатылгандан кийин он жылдан ашуун убакыттан бери аялдар мектепке бара алышкан. Террордук уюм бийликте турганда аялдарга билим алууга тыюу салынган жана алар иш жүзүндө "коомдук жашоодон чийилген".
Аялдарга эркектин коштоосуз үйлөрүнөн чыгууга тыюу салынган жана алар үй кулчулугунда жашоого өкүм кылынган. Эми талибдер өлкөнү кайра көзөмөлгө алган соң, бул мыйзамдардын баары кайра күчүнө кирет деген кооптонуулар бар", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Milduri
2021-08-17 23:15:39
Ай бечаралар көрүп ыйлагың келет, ээ Аллах ооган элине тынчтык, ынтымак бере көр, аларга ырайым кыла көр, эч бир наристе ата-энесинен ажырабасын, баары тынчтыкта ээн эркин күлүп жакшы заманда жашасын. Амин.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан