"Талибан" террордук уюму Ооганстандын бардык чек арасын өз көзөмөлүнө алганын жарыялады

"Талибандар" Ооганстандын чек арасынын бардык тарабын өз көзөмөлүнө алганын жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, "Талибан" террордук уюмунун башчысы аталган кыймыл Ооганстандын бардык чек араларын көзөмөлдөй турганын жарыялаган. Ал Кабул шаарында спутник телеканалдары аркылуу маалымат жыйын берип жатып, "бардык чек аралар биздин көзөмөлүбүздө", - деп билдирген.

Кыймылдын өкүлү ошондой эле талибдер Ооганстанга курал аткезчилигине жол бербөөнү пландап жатканын жана өлкөдөгү курал-жаракты каттоону пландап жатканын билдиргени жазылат маалыматта.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан