"Талибан" кыймылы Кабул шаарын басып алгандан кийинки алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү башка террордук уюмдарга Ооганстанды колдонууга жол бербей турганын жана АКШ баштаган эл аралык күчтөргө иштеген оогандыктардан өч албай тургандыгын билдиришти. Уюмдун маалымат катчысы Забиулла Мужахид жыйында аларга тышкы жана ички душмандар кереги жок экенин, аялдардын укуктары шариятка ылайык сакталарын билдирген.
Жаңы өкмөт тууралуу суроого жооп берип жатып, талибдер мурдагы президент Хамид Карзай, "Хизб-и-Ислами" куралдуу тобунун башчысы Ульбудин Хекматияр жана Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла менен тыгыз байланышта болуп, өкмөт түзүүнүн үстүндө иштеп жатышканын маалымдады.
Ошондой эле анын айтымында, "Талибан" кыймылы ислам баалуулуктарын жогору койгон инклюзивдик өкмөттүн түзүлүшүн көздөйт.
Айта кетсек, "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарына 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Ал эми өлкө башчы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. Азырынча анын кайда экени тууралуу маалымат айтыла элек.