17-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 956 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлайт."17-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 956 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 455 метр куб, агып чыгышы 351 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Ал эми былтыр, 2020-жылы дал ушул күнү 14 миллиард 531 миллион метр куб суу бар болгон.