Талибандар Ооганстанга кол салган күнү ооган сүрөтчүсү Шамсия Хассани өзүнүн Фейсбук баракчасына учурдагы абалды чагылдырып дубалга тарткан сүрөттөрүн жарыялады.
Анда сүрөтчү “Балким, бул биздин кыялдарыбыздын кара идиште өскөндүгүндө” деп жазган.
Шамсия Хассани - өлкө тарыхындагы алгачкы стрит-арт (көчөдөгү дубалдарга сүрөт тартуу) форматында тарткан сүрөтчү. Анын көз жоосун алган сүрөттөрү акыркы 10 жыл аралыгында оогандыктардын жашоо-турмушун чагылдырып келет. Сүрөтчү көбүнчө ооган коомунун көңүлүн аялдардын көйгөйлөрүнө бурууну көздөйт.
Белгилей кетсек, анын тарткан сүрөттөрү чет өлкөлүк көргөзмөлөргө коюлуп, бир канча байгелүү орундарга ээ болгон. Ошондой эле Хассани 2014-жылы "Foreign Policy" журналы тарабынан дүйнөнүн 100 мыкты ойчулдарынын катарына кирген.