Бүгүн, 18-август күнү таңкы саат 04:43тө Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
"Жер титирөөнүн очогу Тар-Суу айылынан 14 чакырым түштүк-батыш, Балыкчы шаарынан 17 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Тар-Суу айылында 3 баллга чейин сезилди", - деп жазылат билдирүүдө.