Кыргыз балбаны Мухаммад Абдуллаев Орусиянын Уфа шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду.
Кыргыз балбаны мелдешке эркин күрөш боюнча 74 килограмм салмакта катышты. Ал алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда украиналык балбанды 9:6, 1/8 финалда грузиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңип, 1/4 финалда азербайжандык балбанга жеңилип калды.
Коло байгеге күрөшүү үчүн жубатуучу беттеште монголиялык Мункхдаваа Баярмункх аттуу балбанды 11:0 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөштө коңшу казакстандык Махамбет Нуржаубаевди 4:1 эсебинде жеңип алды.
Бул медаль аталган Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курамасынын алгачкы медалы болду.