Баткендин Тажикстандын Исфара району менен чектешкен айылдарында эки мамлекеттин биргелешип түзүлгөн кайгуул жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, чек аралаш аймактарда жашаган жарандардын коопсуздугун сактоо, ошондой эле эки элдин арасындагы чагымчыл күчтөргө бөгөт коюу, жосунсуз жоруктарды жөнгө салуу максатында Баткен ОИИБинин жетекчиси Мурат Боронов жана Согди ОИИБинин жетекчиси Абдулло Навджувонов жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн милиция кызматкерлеринин кайгуул күзөттөрү уюштурулду.
"Кечээ, 17-август күнү Баткен РИИБинин жана Исфара-2 РИИБинин кызматкерлери биргеликте маршруттарга бөлүнүп, Көк-Таш айылындагы Дахма, Майский, Соманион участкаларында, Таш-Тумшук айылы менен чектешкен Хожо-Альо участкаларында, Ворух айылынын Тожиком, Ак-Сай айылындагы Бакай участкасындагы жергиликтүү тургундарга эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, болтурбоо максатында милиция кызматкерлери профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.
Өспүрүмдөр арасында да пикир келишпөөчүлүк болуп калса, эки жаат болбой ошол жерде иш алып барып жүргөн милиция кызматкерлерине кайрылуу керектигин, ал эми чоң кишилерди бири-бири менен сылык мамиледе болууга чакырып, чагымчыл аракеттерге эки элде тең мыйзам негизинде жооп берилери эскертилди", - деп билдиришти Баткен облустук милициясынан.
Бул иш-чара мындан ары күн сайын уланары кошумчаланды.