Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех ооган Конституциясына таянып, өзүн убактылуу мамлекет башчысы деп жарыялап, элин талибдерге каршы күрөшүүгө чакырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-августта Салех Твиттердеги баракчасына бир нече билдирүү жарыялаган. Анын айтымында, ал учурда Ооганстанда жана президенттин милдетин аткаруучу катары бардык лидерлерге кайрылып, аларды колдоого чакырат.
"АКШ менен НАТОдон айырмаланып, биз эркибизди жоготкон жокпуз жана алдыда дагы чоң мүмкүнчүлүктөргө туш болобуз. Пайдасыз эскертүүлөр бүттү. Каршылык көрсөтүүгө кошулгула. Мен эч качан, эч кандай шартта талибдердин алдында жүгүнбөйм. Мени уккан миллиондогон адамдардын көңүлүн калтырбайм. Мен эч качан талибдер менен бир катарда болбойм. Эч качан", - деп жазган Салех.
Айта кетсек, Ооганстандын президенти Ашраф Гани 15-августта өлкөдөн чыгып кеткен. Анын кайда экени азырынча белгисиз.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.