Токио шаарында болуп өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарына барган Кыргыз делегациясында ашыкча адам болгон эмес. Бул тууралуу кыз-келиндер курамасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Биринчи радиого берген маегинде айтты.
Эфир учурунда Изабековго Токиого машыктыруучулардын көп барганы, анын ордуна балбандардын биринчи машыктыруучулары, аталары барса болмок деген суроо берилди.
"Токио Олимпиадасында ашыкча киши болгон жок. Мээрим Жуманазарованын атасы анын биринчи машыктыруучусу. Аны айылдан алып келип, анын жеке машыктыруучусу Чынарбек Изабековго өткөрүп берген. Башкы жана улук машыктыруучулар мамлекеттик деңгээлде иштеген жана бүтүндөй команда үчүн жооптуу адистер.
Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын вице-президенти жана Азия күрөш биримдигинин мүчөсү. Ал барышы керек болчу, ошондуктан барды. Байгазы Кенжебаев эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын улук машыктыруучусу, ошондой эле кыз-келиндер күрөшүнүн негиздөөчүсү", - деди Изабеков.